Ленин жана Биринчи май райондорунун пробация органдарынын кеңсеси жаңыланды
Башкы / Окуялар / ЖМК пробация жөнүндө / Ленин жана Биринчи май райондорунун пробация органдарынын кеңсеси жаңыланды
Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун пробация органдарынын кеңсеси жаңыланды. Капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн имаратта департаменттин Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык башкармалыгы жайгашкан. Кеңседе кылмышка кириптер болгон адамга жардам берип, аны туура жолго багыттай турган психолог, социолог адистер иш алып барат.
Жер төлөдөгү жай Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине Бишкек мэриясы тарабынан берилген. Эми ал эл аралык донорлордун жардамы менен оңдолуп, жасалгаланып, өзгөрдү. Кеңседе психолог, социолог адистер үчүн өз-өзүнчө иш бөлмөлөр бар.
Пробация түшүнүгү кыргыз коомчулугуна соттук-укуктук реформанын алкагында белгилүү боло баштаган. Кылмышка аралашкан жаранды түрмөдө тарбиялоо мүмкүн эместигин көп жылдык тажрыйба көрсөттү. Камакта калтыруу жазалоо катары гана кабыл алынат. Ал эми алгачкы жолу жеңил кылмышка аралашкан жаран кабылган жагдайды иликтеп, ага жараша коомдук жумушка тартуу, тиешелүү адистер аркылуу оң жолду табуусуна көмөк көрсөтүү пробациянын негизги максаты болуп саналат. Аларды ишке ашырууда эң алгач кеңселер жетиштүү болушу шарт.