Пробациянын кардары деген ким?
Пробациянын кардарлары болуп саналгандар жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамынын 5 беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-ден 3-пункттарына чейин билсеңер болот.
Соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары дайындалган адамдар пробациянын кардарлары болуп саналат.
Бул коомдук иштер, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу, түзөтүү иштери жана эркиндигин чектөө.
Мындай жазалар Кылмыш кодексинде гана каралбастан, Жоруктар жөнүндө кодексте да каралгандыгын белгилеп кетким келет. Эркиндикти чектөө катарына кирген жазалар Жоруктар жөнүндө кодексинде гана көрсөтүлгөн.
Өспүрүм балдар жана кыздар биздин кардарлар болгондо, аларга эскертүү менен тарбиялоо мүнөздөгү мажбурланган чаралар колдонулат.
Ошондой эле, биздин кардарлар болуп:
- пробациялык баяндама даярдалып жаткан айыпталуучулар;
- пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотулган соттолгондор, башкача айтканда коомдон обочолонтуп камоо түрүндөгү жазанын ордуна пробациялык көзөмөл колдонулган соттолгондор;
- шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаганы үчүн түзөтүү мекемелеринен бошотула жаткан соттолгондор.