Пробация департаментинин түзүү тарыхы
«Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2017-жылдын 24-февралында кабыл алынган (№ 34). Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди жана пробация органдарынын функцияларын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазык-аткаруу инспекциясына тапшырылды.
2019-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 666, № 400 чечимдеринин негизинде пробация институту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилген, ал жерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти түзүлүп, 86 кызматкер менен өз ишин баштаган.
Алардын ичинен, өз каалагасун билдирип, тийиштүү арыздарды берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 84 кызматкери Юстиция министрлигинин буйругу менен Департаментке дайындалды, Министрликтин ички ротациясынын негизинде 2 кызматкер дайындалып, 52 кызмат орду бош калган.
Жогоруда аталган бош кызмат орундарын толтуруу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп, ички конкурстун жыйынтыгы боюнча 3 бош кызмат орду толтурулуп, ачык конкурска талапкерлерден жалпысынан 485 арыз келип түшкөн, алардын 17си талапка жооп бербейт деп табылган. Сынактын жыйынтыгында 34 кызматкер дайындалды, ал эми 1 кызматкер ээлеген кызмат ордуна ротация тартибинде которулду.
2020-жылдын 4-февралынан 17-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробация департаментине мурунку конкурстан кийин бош калган 13 административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыяланган.
Бул сынактын жыйынтыгында 68 арыз кабыл алынды. Келип түшкөн арыздардын ичинен экөө туура эмес деп табылды.
2020-жылдын 1-январынан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык, Пробация бөлүмүнүн штаттык саны 40 бирдикке көбөйдү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Департаменттин жаңы түзүмүн жана штаттык бирдигин 178 штаттык бирдик менен бекитти.
Бүгүнкү күндө,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, борбордук аппараттан, 3 Аймак аралык башкармалыктан, 1 облустук башкармалыктан, 3 облустук бөлүмдөн, ошондой эле 47 шаардык жана райондук пробация органдарынан турат, штаттык саны 273 бирдикти түзөт.