Укуктар жана милдеттер
Пробациянын кардарлары укуктарга, эркиндиктерге ээ жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Жазык кодексинде, Жоруктар жөнүндө кодексинде, Жазык-процесстик кодексинде, Жазык-аткаруу кодексинде, ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында белгиленген чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын милдеттерин көтөрөт.
Пробациянын кардарлары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жазаны жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөнүн, пробациялык көзөмөлдүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
2) жардамдын жана консультациянын түрлөрү жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
3) өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү суратууга жана алууга;
4) кайра социалдаштыруу программаларына катышууга;
5) жардамды жана көмөк көрсөтүүлөрдүн ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка формаларын алууга;
6) пробация органынын аракеттерине жана чечимдерине даттанууга.
Пробациянын кардарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мыйзамдарда жана соттун өкүмүндө белгиленген милдеттерди аткарууга;
2) мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органдарында каттоого турууга жана пробация органдарынын персоналынын талаптарын аткарууга;
3) пробация органдарынын талабы боюнча зарыл маалыматты берүүгө;
4) берилген жардамды багыты боюнча пайдаланууга.