Ведомстволор аралык тажрыйба: пробациялык көзөмөлдө турган адамдарды психологиялык коштоо
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ведомстволор аралык тажрыйба: пробациялык көзөмөлдө турган адамдарды психологиялык коштоо
Пробация департаментинде Психологиялык иш боюнча башкармалыктын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын психологиялык кызматынын инспектор-психологу, психология илимдеринин кандидаты, милициянын капитаны Зайырбекова Айчурок Акжолтоевнанын катышуусунда конок лекциясы өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө пробациялык көзөмөлдө турган жарандарга психологиялык колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кайталап жасалган укук бузуулардын алдын алуунун заманбап ыкмалары каралды. Пробация органдарынын ишинде юридикалык психология методдорун колдонуунун практикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду.
Айчурок Акжолтоевнанын кесиптик жана илимий-практикалык тажрыйбасы кызматкерлердин чоң кызыгуусун жаратты. Лекциянын катышуучулары пикир алмашып, кызматтык ишмердүүлүктө кездешкен татаал учурларды талкуулап, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Иш-чара ведомстволор аралык кызматташууну бекемдөөгө, кесиптик тажрыйбаны бөлүшүүгө, ресоциализациялоо жана социалдык адаптациялоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды түзүүгө салым кошту.




