Пробация департаментинин комиссиялары
Комиссия — бул көйгөйлүү маселелер боюнча комплекстүү ыкмаларынын жана чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында түзүлгөн Пробация департаментинин коллегиалдуу кеңешүүчү органы.
Комиссиянын негизги белгиси анын коллегиялдуулугу болуп саналат. Жалпы эреже боюнча комиссиянын курамы үч адамдан (мүчөдөн) кем эмес болушу керек.
Этика комиссиясы
Этика боюнча комиссия – Пробация департаментинин кызматкерлери тарабынан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексинде катталган бөгөт коюу жөнүндө талаптарын камсыз кылуу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" КР Мыйзамында белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча маселелерди карайт.
Комиссиянын милдетине этикалык чыр-чатактарды чечүү, жамаатта жагымдуу моралдык-психологиялык климатты камсыз кылуу максатында конфиденциалдуу консультация берүү да кирет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодексине ылайык, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын19-августундагы №43 токтому менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин 2020-жылдын 20-январындага №2-буйругу менен Этика боюнча комиссиясы түзүлгөн.
1. Калматов Данияр Алпаизович – комиссиянын төрагасы;
2.Нурбекова Айгерим Нурбековна – комиссиянын катчысы;
3. Садыкбаева Нургуль Асановна – комиссиянын мүчөсү;
4. Джемуратова Динара Абдырауфна – комиссиянын мүчөсү;
5. Элмирбек уулу Асэк – комиссиянын мүчөсү.