Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Зарылбек уулу: 5395 пробация кардары катталып, көзөмөлдөнүп жатат

Башкы / Окуялар / ЖМК пробация жөнүндө / Зарылбек уулу: 5395 пробация кардары катталып, көзөмөлдөнүп жатат

Зарылбек уулу: 5395 пробация кардары катталып, көзөмөлдөнүп жатат

Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу аталган институттун башкы максаты коом жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана пробация кардарларына туура багыт берип, көмөктөшүү жолу менен кайра коомчулукка кошуу экенин айтты. 

Бүгүнкү күндө 5395 пробация кардары каттоого алынган жана аларга тийиштүү жардам көрсөтүлүп, көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Пробация департаменти мыйзам бузуу аракеттеринин жеңил түрүн жасаган жана абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган жарандарга ыктыярдуу түрдө социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтөт.

"Алгач Пробация институту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагында эле. Кийин ал пробациянын түпкү эрежелерине ылайык келбей, күч түзүмдөрүнө тийиштиги жок Юстиция министрлигине өткөрүп берилди. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылы Пробация департаменти түзүлүп, 1-сентябрдан тарта ишин баштаган. Учурда департаменттин каттосунда 5395 пробация кардары бар. Аларга тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Пробация институтунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн 138 штаттык орун бөлүнгөн. Учурда 89 кызматкерибиз бар. Дагы 49 орунга ачык сынак жарыяланды. Бул департаменттин курамын толуктоо аракеттеринин биринчи гана баскычы. Алдыда дагы эки этап болот. Талап кылынып жаткан адистердин ичинен 30 пайызы психологдор. Департаменттин курамы башкы аппараттан жана үч аймак аралык башкармалыктан турат. Өлкө аймагы боюнча ар бир райондо пробация органынын 54 өкүлчүлүгү бар. Мындан улам пробация институтуна муктаждыгы болгон ар бир жаран өлкөнүн бардык аймактарынан колдоо таба алат", — деди Зарылбек уулу.

Ошондой эле ал пробация тууралуу мыйзам долбоору сот реформасын ишке ашыруу аракеттеринин алкагында кабыл алынып, 2019-жылдын 1-январында өлкөдөгү алгачкы Пробация институту түзүлгөнүн кошумчалады.

Түпнуска жаңылыктар

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER