2022-жылдын 13-декабрында, Кызыл-Кыя шаарында Пробация кеңеши болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / 2022-жылдын 13-декабрында, Кызыл-Кыя шаарында Пробация кеңеши болуп өттү.
2022-жылдын 13-декабрында, Кызыл-Кыя шаарында Пробация кеңеши болуп өттү.
Күн тартибине ылайык, Кызыл-Кыя шаары боюнча пробация органында каттоодо турган социалдык жана материалдык жардамга муктаж кардарларга жардам берүү жана коомдук жумуштарды аткаруу үчүн обьектилердин тизмесин аныктоо боюнча 2022-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу толук маалымат берилди.
Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата пробация кардарларына материалдык моралдык жактан жардам көрсөтүү максатында сунуштар айтылып, талкуу жүрдү.
Кеңешменин жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаары боюнча пробация органында каттоодо турган социалдык жана материалдык жардамга муктаж кардарларга жардам берүүдө даректүүлүгүн көзөмөлдөө, кошумча киреше булактарын тартуу жана тактоо маселеси боюнча Кызыл-Кыя шаарынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынына жүктөлүп, каттоодо турган кардарларга медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү Кызыл-Кыя шаарынын Практика дарыгердик борборунун жетекчисине жүктөлдү.