Чүй районунун Пробация боюнча кеңеши өттү
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / Чүй районунун Пробация боюнча кеңеши өттү
2020-жылдын 24-март күнү Чүй мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Чүй районунун Пробация боюнча кеңеши өттү.
Жыйынга кеңештин мүчөлөрү: Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы жана анын биринчи орун басары, Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органынын башкы адиси, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнун башчысынын орун басары, билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, үй-бүлөлүк дарыгерлик борборунун директору, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы жана Токмок шаардык жана Чүй райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы катышты.
Кеңешмеде күн тартиби боюнча төмөндөгү маселелер каралган:
• Токмок шаардык жана Чүй районунун пробация органында каттоодо тураган кардарларды паспортоштуруу, жумушка орноштуруу жана медициналык жардам көрсөтүү.
• Коомдук жумуштарга соттолгон кардарларды иштетүү үчүн коомдук жумуштардын тизмесин объектилерин кароо.
• Турмуш шарты оор жана туруктуу жашаган жери жок пробация органынын кардарларына социалдык жактан көмөк көргөзүү.
Пробация боюнча кеңештин отурумунун жыйынтыгында кийинки чечимдер кабыл алынды:
-Чүй районунун пробация органынын оор турмуштук кырдаалга кабылган үч кардарына жоголгон документтерин калыбына келтирүүгө жарандык паспорт алууга жана алардын ичинен бир кардардын баласын бала бакчага орноштурууга көмөк көргөзүлсүн.
-Чүй районунун айыл аймактарынын башчылары менен биргеликте коомдук иштерге тартылган пробация кардарлары менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлсүн жана объектердин тизмеси өз убагында берилсин.
-Муктаж болгон пробация кардарларына социалдык жактан көмөк көрсөтүү Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысына жүктөлдү.