Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Пробация кеңешинин отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Пробация кеңешинин отуруму болуп өттү
2020-жылдын 17-мартында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун пробация Кеңешинин 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча отуруму өттү.
Жыйынга Тоң райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Тимур Алымбеков, аппарат жетекчиси Толонгутова Нурия, РИИБ начальнигинин орун басары Тилек Канатбеков, элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыдырова Бактыгул, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Сансызбаева Жыпара, социалдык фонддун башкармалыгынын башчысы Мыйсаева Сыргажан, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Кошубаев Адилет, Күн-Чыгыш, Төрт-Көл, Көл-Төр, Ак-Терек, Көк-Мойнок, Улахол, Тоң жана Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөттөрдүн башчылары жана орун басарлары катышты.
Отурумда Тоң районунун 1-квартал үчүн 2020-жылдын пробация органынын отчету угулду, ага ылайык 17-мартта 2020-жылдын пробация органдарында каттоодо 26 кардар турат. Отчеттук мезгил ичинде эки кардарга 2000 сом боюнча акчалай жардам көрсөтүлгөн, бир кардар окууга жөнөтүлгөн, бир кардарга ишке орношууга жардам көрсөтүлгөн, эки кардардын үй-бүлөсүнө жөлөкпул бөлүүдө көмөк көрсөткөн.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча пробация кеңешинин мүчөлөрү паспорттук-визалык кызматка жана ЖААК бөлүмүнө пробация органында каттоодо турган кардарларга жоголгон документтерди калыбына келтирүү жана паспортторду алуу жагынан жардам берүү боюнча ишти активдештирүүнү сунуштаган. Социалдык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгына пробация органдарында каттоодо турган, муктаж болгон кардарлардын үй-бүлөлөрүнө жөлөкпулдарды өз убагында бөлүп берүү. Пробация кеңеши 2020-жылдын 2-кварталына карата пробация кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин жандандырууну белгиледи.