Свердлов району боюнча пробация бөлүмү “Пробация кеңешинин” кезектеги жыйынын өткөрдү.
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / Свердлов району боюнча пробация бөлүмү “Пробация кеңешинин” кезектеги жыйынын өткөрдү.
Свердлов району боюнча пробация бөлүмү “Пробация кеңешинин” кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
1. 2025-жылдын экинчи чейрегинде Свердлов райондук пробация органы тарабынан социалдык-укуктук колдоо жаатында аткарылган иштер боюнча маалымат берилди.
2. Свердлов райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 10-апрелиндеги №45/Т тескемесинин аткарылышы боюнча талкуу жүрдү.
Жыйындын жүрүшүндө пробацияда турган адамдарга жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте социалдык жардам көрсөтүлүп жатканы белгиленип, алардын кайра кылмыш жолуна түшүүсүнүн алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамынын алкагында, турмуштун оор кырдаалына кабылган, социалдык жана материалдык жардамга муктаж кардарларга жекече программалар аркылуу колдоо көрсөтүлүп жатканы баса белгиленди.
Ошондой эле, пробация органынын актуалдуу маселелери талкууланып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.
Жыйынга Свердлов райондук администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү, Пробация кеңешинин мүчөлөрү жана пробация органының кызматкерлери катышты.