Юстиция үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Юстиция үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи
Кыргыз Республикасынын юстиция министри А. Баетовдун катышуусунда Юстиция үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Министр өз сөзүндө пробация системасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн заманбап архитектуралык жана техникалык талаптарга ылайык курулган кеңселерди, ошондой эле кызматтык автоунаалар менен камсыз кылуу иштерин улантуу маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин элчиси Реми Дюфло сөз сүйлөп, сот адилеттигин реформалоо жана пробация органдарына колдоо көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты баса белгиледи.
Европа Биримдиги жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын сот адилеттүүлүк секторун колдоо: пробация жана адилеттүүлүк системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү” (Бардыгына сот адилеттүүлүк) долбоорунун алкагында жаңы автоунаалардын ачкычтары тапшырылды.
Бардык катышуучуларга жаңы имаратты (кызматкерлердин кабинеттерин жана мониторинг борборун) көрүүгө экскурсия уюштурулду.
Жаңы имараттын ачылышы пробация системасын өнүктүрүүгө жана пробация кардарларына сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө багытталган.