"Менин укугум бар....»
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / "Менин укугум бар....»
"Менин укугум бар....»
Ар бир адам ката кетирет. Кээ бирлери көбүрөөк, кээ бирлери азыраак. Кээ бирлери олуттуу, кээ бирлери анчалык эмес. Бирок аны оңдоого баарынын укугу бар.
Пробация кардарларынын балдары ата-, камкорчуларынын, туугандарынын кылган иштери үчүн жооптуу эмес. Алар өсүп-өнүгүп, окуп, ийгиликтерге жетип жана өз курдаштарынын арасында үлгү боло алышат. «Менин укугум бар» - ар бир балага алардын Конституция менен бекитилген, төрөлгөндө берилген ар кандай укуктары бар экенин эскертет.
«Менин укугум бар…» – бул келечектеги мүмкүнчүлүктөр жана келечекке болгон үмүт тууралуу эскертүү!
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Европа биримдиги жана БУУ БКБнын «Бардыгына сот адилеттүүлүк» долбоору менен биргеликте бүткүл өлкө боюнча пробациянын кардарларынын балдары арасында балдардын сүрөттөрүнө сынак жарыялайт.
Жаш курагы: 10 - 18 жаш
Сынактын катышуучулары "Менин укугум бар .....» темасында өз эмгектерин тапшырышы керек:
Тапшыруу мөөнөтү: 2024-жылдын 25-октябрына чейин
Талаптар:
Иш кол менен кагаз бетине түшүрүлүшү керек, ошондой эле 2D же 3D форматында болушу мүмкүн (сүрөттө аты-жөнүн өзгөртсө болот, бирок жашы жана шаары так көрсөтүлүшү керек).
Сынакка балдары катышып жаткан пробациянын кардарлары катталган жери боюнча пробация кызматкерлерине сүрөттөрдү тапшыра алышат же pr.info@probation.gov.kg электрондук дарегине жөнөтө алышат.
Калыстар тобу:
Калыстар тобунун курамына Пробация департаментинин кызматкерлери, «Баардыгына үчүн сот адилеттүүлүк» долбоору жана Европа биримдигинин өкүлдөрү кирет.
Ишти баалоо:
Теманы түшүнүү жана ачуу (50 %)
Чыгармачыл мамиле (30%)
Маалымат берүү эстетикасы (20%)
Номинациялар:
Жаш сүрөтчү
Чындыктын жаратуучусу
Кесипкөй
Сыйлыктар:
Уюштуруучу уюмдардын промо продукциялары, ошондой эле сүрөттөрүн шоколаддын таңгагына басып чыгарылган белек катары берилет.