“Биздин балдар – планетанын келечеги”
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / “Биздин балдар – планетанын келечеги”
“Биздин балдар – планетанын келечеги” аттуу бир айлыктын алкагында Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери пробация кардарларынын балдары , ошондой эле ювеналдык пробация кардарлары үчүн бир катар иш-чараларды өткөрүштү.
- -Ысык-Көл жана Нарын областы боюнча аймак аралык башкармалыгы турмуштук оор кырдаалда турган ювеналдык пробациянын кардары Е.С.В.нын үй-бүлөсүнө (азык-түлүк) жардам көрсөттү;
- Тоң району боюнча пробация органы чоң атасы менен жашаган С.К. аттуу ювеналдык пробациянын кардардын инилерине жардам көрсөттү;
- Ак-Талаа району боюнча пробация органы оор турмуштук кырдаалга кабылган пробациянын кардарына гуманитардык жардам катары 2000 сомдук азык-түлүк, ошондой эле беш кызы үчүн оюнчук жана таттууларды берип, жардам көрсөттү;
- Кара-Суу району боюнча пробация бөлүмү Кара-Суу райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары үчүн кайрымдуулук иш-чара өткөрдү. Иш-чарада жаш спортчуларга белектер тапшырылды.
- Ноокат району боюнча пробация бөлүмү көп балалуу пробация кардарларына гуманитардык жардам көрсөттү.
- Өзгөн району боюнча пробация бөлүмү ювеналдык пробациянын кардарларына белектерди тапшырды.
- Кара-Кулжа району боюнча пробация бөлүмү балдар үчүн спорттук иш-чара өткөрдү, ага пробация кардарларынын балдары да катышты;
- Баткен облусу боюнча пробация бөлүмү пробация органынын атынан бала бакчага белектерди тапшырды;
- Ысык-Ата району боюнча пробация бөлүмү Ысык-Ата райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү менен биргеликте пробация кардарларынын балдары үчүн иш-чара (концерт) өткөрүштү аягында балдарга белектер тапшырылды;
- Ат-Башы району боюнча пробация органы ювеналдык пробациянын кардарына окуу куралдарын тапшырды;
- Ленин, Свердлов, октябрь жана Биринчи-Май райондору боюнча пробация бөлүмдөрүнүн кызматкерлери балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жардам көрсөттү.