Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
    • Сот тарабынан террористик жана экстремистик деп табылган уюмдардын тизмеси
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Араван пробациясы өз кардарлары арасында экстремизмди алдын алуу боюнча иш алып барууда

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Араван пробациясы өз кардарлары арасында экстремизмди алдын алуу боюнча иш алып барууда

Араван пробациясы өз кардарлары арасында экстремизмди алдын алуу боюнча иш алып барууда

2021-06-30 16:31:22

Ош облусунун Араван району боюнча пробация органынын башкы адиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси А. А. Маткабылова жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген маалыматка ылайык азыркы күндө Араван райондук пробация органында 62 кардар каттоодо турат.

Алардын ичинен 16 кардар дин менен байланыштуу кылмыш жасоо үчүн, башкача айтканда диний кастыкты (араздашууну) козутуу, жарандардын динге таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же начардыгын пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, анын ичинде интернет тарамы аркылуу да, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу үчүн соттолгон жарандар.

Алардын ичинен көпчүлүгү уюлдук телефондон одноклассник, фейсбук, инстаграм социалдык тармактарда өздөрүнүн профильдеринде экстремисттик көз караштагы аудио жана жазууларды жүктөп алып, сактап, же бөлүшкөн.

Айтылган материалдар соттук-комплекстик дин таануу жана лингвистика экспертизасынан өткөндө, ал аудиолордо Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган эл аралык экстремистик жана террористик уюмдарынын идеологиясына таандык үндөөлөр жана чакырыктар камтылгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 20-майында Араван району боюнча Пробация органы, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М. Мамасаидовдун катышуусунда пробация кардарларынын жалпы дин жөнүндө маалыматтарын кеңейтүүгө багытталган иш-чара өткөргөн.

Иш-чарага Араван районунун казысы Жусупов Алибек диний багыттар жөнүндө жана Кыргызстанда иш жүргүзүүгө тыюу салынган диний уюмдарды кантип таануу, экстремисттик жана террористтик топторго катышууга чакырууга каршы туруу, диний, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилик тууралуу, ошондой эле террористтик уюмдарга жана секталарга тартуунун кесепеттери жөнүндө маалымат берди.

Өзгөчө жаштарды социалдык тармактарды колдоонууда абайлоону, түшүнүксүз диний жарыялоолорго көңүл бурбай, мессенджерлер аркылуу таратпоого чакырды.

Аңгемелешкен: З. КАРАТАЕВА, “Достук” гезитинин башкы редактору.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринч
    Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринч...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER