Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
    • Сот тарабынан террористик жана экстремистик деп табылган уюмдардын тизмеси
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча пробация органдарынын кызматкерлери пробациянын кардарларынын арасында экстремизмдин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну окушат

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча пробация органдарынын кызматкерлери пробациянын кардарларынын арасында экстремизмдин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну окушат

Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча пробация органдарынын кызматкерлери пробациянын кардарларынын арасында экстремизмдин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну окушат

2021-05-18 11:45:26

2021-жылдын 18-майынан 21-майына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (мындан ары-Департамент), ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда (STRIVE Asia) зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» БУУӨП долбоорунун колдоосу менен "Пробациянын кардарларынын арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу" темасына Ысык-Көлдөгү жана Нарындагы пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлери жана диний кылмыштары үчүн жана үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон кардарларга тренинг өткөрөт.

Тренерлер:

  • Ногойбаев Максат Асылбекович – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектөөчү адиси.
  • Мурадилов Данияр Кубанычбекович - КР УКМКнын А. К. Бакаев атындагы Институтунун башкы адиси-окутуучусу. генерал-лейтенант.
  • Аманбаев Манас Каримжанович – ИИМдин милициянын подполковниги. Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат

Иш-чара Департамент, ДИМК жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн "Диний, экстремисттик жана террорчулук мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча биргелешкен иш чаралар планын" ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.

2021-жылдын 18-20-майында эксперттер пробация органдарынын кызматкерлерине экстремисттик жана террордук агымдарга каршы туруу боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдар жөнүндө, исламдын негизги багыттары тууралуу айтып беришет, экстремизм жана терроризм түшүнүгү жана алардын багыттары тууралуу сөз жүргүзүшөт, Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган диний уюмдар менен тааныштырышат.

Тренингде биздин кесиптештер экстремисттик жана террористтик топтор азгырып жалдоо түрлөрүн жана механизмдерин, диний кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө спецификасын жана ошол кардардын социалдык-психологиялык сүрөттөмөсүн, анын жүрүм-турум моделдерин, радикалдашуу даражаларын аныктоо, ошондой эле психологиялык изилдөө ыкмаларын жана башка көп нерселер тууралуу үйрөнүшөт.

Ошондой эле, 2021-жылдын 20 майында пробациянын кардарларына исламдын багыттары жана Кыргызстанда иш жүргүзүүгө тыюу салынган диний уюмдарды кантип таануу, экстремисттик жана террористтик топторго катышууга чакырууга каршы туруу, диний, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилик тууралуу, ошондой эле террористтик уюмдарга жана секталарга тартуунун кесепеттери тууралуу айтып беришет.

2021-жылдын 21-майында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча эксперттер үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн соттолгон пробациянын кардарларына лекция өткөрүшөт. Аларга үй-бүлөдөгү зомбулуктун балдардын психологиясына жана жалпы коомго тийгизген таасири, ошондой эле аны колдонуу жоопкерчилиги тууралуу айтып беришет.

Эскертип кетсек, ушул сыяктуу тренинг, апрель айында Ош шаарында өткөрүлгөн (https://probation.gov.kg/kg/sobytiya/novosti/704.html).

Экстремизм жана терроризм Кыргызстан жана бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн олуттуу коркунуч туудурат.

Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган уюмдардын тизмесине ылайык, бүгүнкү күндө 21 уюм террористтик жана экстремисттик деп таанылган.

2021-жылдын 17-майына берилүүчү маалыматка ылайык, пробация органдарынын эсебинде бүткүл Кыргызстан боюнча диний ырастоосу бар, анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон 120 адам турат.

Алардын ичинде:

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 102 кардары;
  • Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 11 кардары;
  • Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 7 кардары.

Диний кылмыштар боюнча соттолгондор, б.а. КР Жаза кодексинин диний кылмыштарга байланыштуу жоопкерчиликти караштырган беренелери боюнча соттолгондор да, соттун чечиминин негизинде пробациянын кардарлары боло алышат. Булар негизинен КР ЖК 314- жана 315-беренелери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандар (КР ЖК 314-б. 1- жана 3-б. жана 315-б 1-б.*).


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринч
    Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринч...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER