Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация департаменти терроризмди, экстремизмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тренинг өткөрүүдө

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти терроризмди, экстремизмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тренинг өткөрүүдө

Пробация департаменти терроризмди, экстремизмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тренинг өткөрүүдө

2021-04-20 17:04:41

Экстремизм жана терроризм Кыргызстан жана бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн олуттуу коркунуч туудурат.

Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган уюмдардын тизмесине ылайык, бүгүнкү күндө 21 уюм террористтик жана экстремисттик деп таанылган.

Бүгүнкү күндө пробация органдарынын эсебинде бүткүл Кыргызстан боюнча диний ырастоосу бар, анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон 138 адам турат.

Алардын ичинде:

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 107 кардары;
  • Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 23 кардары;
  • Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктагы пробациянын 8 кардары.

Диний кылмыштар боюнча соттолгондор, б.а. КР Жаза кодексинин диний кылмыштарга байланыштуу жоопкерчиликти караштырган беренелери боюнча соттолгондор да, соттун чечиминин негизинде пробациянын кардарлары боло алышат. Булар негизинен КР ЖК 314- жана 315-беренелери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандар (КР ЖК 314-б. 1- жана 3-б. жана 315-б 1-б.*).

2021-жылдын 19-апрелинен 23-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (мындан ары-Департамент) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары-ДИМК) менен бирдикте, ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган «Азияда (STRIVE Asia) зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» БУУӨП долбоорунун колдоосу менен "Пробациянын кардарларынын арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу" темасына пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлери жана диний кылмыштары үчүн жана үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон кардарларга тренинг өткөрүүдө.

Иш-чара Департамент, ДИМК жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн "Диний, экстремисттик жана террорчулук мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча биргелешкен иш чаралар планын" ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.

Тренерлер:

  • Карабаев Медер Жаныбекович-КР ДИМКнын директору;
  • Абдылдаев Марат Табалдиевич УКМК институтунун кафедрасынын начальниги, полковник;
  • Аманбаев Манас Каримжанович-КР ИИМ милициянын подполковниги. Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат;
  • Ажимаматов Зайлабидин Касымович-Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы, философия доктору;
  • Фронтбек кызы Жамал – ПООЖ "Муткалим";
  • Каримова Гульсара – Жалал-Абад казыятынын айымдарды окутуу бөлүмүнүн адиси;
  • Эсенаманова Нургуль Сатындиевна-саясат илимдеринин кандидаты, Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин философия кафедрасынын доценти.бдылдаев Марат Табалдиевич-полковник, УКМК институтунун кафедра башчысы;
  • Камчыбеков Асланбек Советбекович – " PROFILING KG GROUP" окутуу курстардын жетекчиси, мимика жана эмоция боюнча адис, профайлер - криминалист;
  • Чакырылган эксперттер-КМДБнын Ош шаарындагы өкүлдөр.

19-21-апрелде эксперттер пробация органдарынын кызматкерлерине экстремисттик жана террордук агымдарга каршы туруу боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдар жөнүндө, исламдын негизги багыттары тууралуу айтып беришип, экстремизм жана терроризм түшүнүгү жана алардын багыттары тууралуу сөз жүргүзүшүп, Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган диний уюмдар менен тааныштырууда.

Тренингде биздин кесиптештер экстремисттик жана террористтик топтор азгыруун жалдоо түрлөрүн жана механизмдерин, диний кылмыштар үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен иштөө спецификасын жана ошол кардардын социалдык-психологиялык сүрөттөмөсүн, анын жүрүм-турум моделдерин, радикалдашуу даражаларын аныктоо, ошондой эле психологиялык изилдөө ыкмаларын жана башка көп нерселер тууралуу үйрөнүүдө.

Ошондой эле, 2021-жылдын 22-апрелинде пробациянын кардарларына исламдын багыттары жана Кыргызстанда иш жүргүзүүгө тыюу салынган диний уюмдарды кантип таануу, экстремисттик жана террористтик топторго катышууга чакырууга каршы туруу, диний, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилик тууралуу, ошондой эле террористтик уюмдарга жана секталарга тартуунун кесепеттери тууралуу айтып беришет.

Мындан тышкары, бүткүл тренингдин ичинде жана тренинг бүткөн соң дагы бир нече күн бою экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча эксперттер диний кылмыштары үчүн соттолгон пробациянын кардарлары менен жеке иштерди жүргүзүшөт.

2021-жылдын 23-апрелинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча эксперттер үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн соттолгон пробациянын кардарларына лекция өткөрүшөт. Аларга үй-бүлөдөгү зомбулуктун балдардын психологиясына жана жалпы коомго тийгизген таасири, ошондой эле аны колдонуу жоопкерчилиги тууралуу айтып беришет.

Ошондой эле ушул сыяктуу тренинг, май айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөрүү пландаштырылууда.

* Маалымдама:

314-берене. Экстремисттик уюмду түзүү

1. Иши улуттук, этностук, расалык, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо начардыгын пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу, - I категориядагы эркиндигинен ажыратууга же V категориядагы айып салууга жазаланат.

315-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу
1. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдалануу, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER