Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

КР Юстиция министрлиги пробациянын кардарларын каттоодо тоскоолдуктарды жоюуну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / КР Юстиция министрлиги пробациянын кардарларын каттоодо тоскоолдуктарды жоюуну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты

КР Юстиция министрлиги пробациянын кардарларын каттоодо тоскоолдуктарды жоюуну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты

2021-02-03 13:48:27

Пробациянын кардарларынын жоготулган укуктарын жана документтерин калыбына келтирүүдө тоскоолдуктарды жоюу максатында, Юстиция министрлиги «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун демилгеледи.

«Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пробациянын кардарынын муктаждыктарына жараша социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы (мындан ары - программа) турган жери же жашаган жери боюнча каттоо үчүн зарыл документтерди алууга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды камтыйт.

Пробациянын кардарынын туруктуу жашаган жери болбогон учурда каттоо орду деп эсепке алынган жери боюнча пробация органынын юридикалык дареги, ал эми пенитенциардык пробацияда түзөтүү мекемесинин юридикалык дареги белгиленет.

Ошол эле учурда, «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин ылайык Кыргыз Республикасынын тийиштүү административдик-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар жашаган жери боюнча катталууга тийиш.

Бирок, пробациянын аймактык органдарынын имараттары турак жайга кирбейт, ушуга байланыштуу пробациянын кардарларын пробациянын аймактык органдарынын юридикалык дареги боюнча каттоо мүмкүн эмес.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.

Ал эми, ички жер которуу жагындагы коомдук мамилелердин укуктук, уюштуруучулук негиздерин «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери жөнгө салат.

Ошол себептен, жогоруда көрсөтүлгөн коллизияны четтетүү үчүн «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Жогорудагы мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында https://www.gov.kg/ru/npa/s/2905 жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында http://koomtalkuu.gov.kg/npa-view/799 жайгаштырылган.

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER