Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгы «Жардам» аттуу иш-чара өткөрүүдө

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгы «Жардам» аттуу иш-чара өткөрүүдө

Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгы «Жардам» аттуу иш-чара өткөрүүдө

2020-12-16 14:02:40

2020-жылдын декабрь айында Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгы Каракол жана Нарын шаары, Нарын жана Жети-Өгүз району боюнча пробация органдарында «Жардам» аттуу иш-чара өткөрдү. 

Бул иш-чарада жергиликтүү жалпы дарыгерлер практикалык борборунун, билим берүү бөлүмүнүн, калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунун, эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, социалдык фондунун, юстиция башкармалыгынын, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү пробациянын кардарларына адистик кеңешмелерин беришти.

Маалыматка муктаж болгон пробация кардарлары жогорудагы адистерге тиешелүү суроо талаптарын берүү менен ар кандай суроолорго жооп алышып, чечилбей жаткан маселелери боюнча кеңешме алышып, аларга көйгөйлөрүн жеринде чечип берүү боюнча көмөк көрсөтүлдү.

Тактап кетсек:

• 2020-жылдын 2-декабрында Жети-Өгүз районунда “Жардамдын” алкагында бир кардар ден-соолугу начар болуп жаткандыгы жөнүндө кайрылуу жасап, медицина кызматкери тарабынан ооруканага жолдомо берилип, анализ тапшыруусу милдеттендирилди. Дагы бир кардар жарандык паспортун жоголгондугу боюнча кайрылуу жасап маселеси жеринде чечилип, паспортун жасатууга тиешелүү документтери өткөрдү. Ошондой эле дагы бир кардар эки жаштагы баласына жөлөк пул чегерилбей жүргөндүгүнө байланыштуу, тиешелүү кагаздарын толуктап социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө алып келүүсү милдеттендирилди.

• 2020-жылдын 15-декабрында Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органынын каттоосунда турган 15 адам аталган иш-чаранын алкагында адистерге кайрылышкан. Жыйынтыгында 8-класска чейин окуган бир пробация кардары, окуу тууралуу күбөлүгүн убагында алган эместигин билдирип, билим берүү бөлүмүнүн өкүлүнүн тактоосуна алынды, анын кайрылуусунун негизинде, аз убак арада күбөлүгү даярдалат. Эки гепатиттин «С» түрү менен ооруган кардарлар, бул оорудан аягуу үчүн даарыларды акысыз алуу үчүн жашаган дареги боюнча аймактык үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуусу сунушталды. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында, 20 пробациянын кардарлары, Нарын облусттук СПИДке каршы күрөшүү борборуна өз ыктыяры менен ВИЧ-инфекциясын аныктоочу экспересс тестке анализ тапшырышты.

• 2020-жылдын 15-декабрында Каракол шаарынында өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө пробация органында каттоодо турган кардарларга жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте, жокко учураган учурларда документтери калыбына келтирүү, жөлөк пул маселесин, гуманитардык жардам жана башка маселелерди чечип берүү сунушталды.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жардамдан тышкары, аталган иш-чаранын алкагында, кардарлар пробация мыйзамы жөнүндө, үй-бүлөлүк ажырашуулар, соттон коюлган айып пул, жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң соттулугун кантип жоюу боюнча суроолорго тиешелүү адистерден конгсультация алышты.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER