Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация департаменти бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт

Пробация департаменти бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт

2020-09-29 17:14:38

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин алдындагы Пробация департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын бош административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт. 

Бош орундар:

1. Талас облусунун Талас шаары жана Талас району боюнча башкы адис – (С-Б) – 1 бош кызмат;

2. Талас облусунун Бакай-Ата району боюнча башкы адис – (С-Б) – 1 бош кызмат;

3. Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча башкы адис (С – Б)-1 кызмат орун;

4. Ош облусунун Алай району боюнча жетектөөчү адис – адис (М-А) - 1 орун;

5. Сүлүктү ш. жана Лейлек району боюнча башкы адис – (С-Б) – 1 орун;

6. Кызыл-Кыя шаары боюнча башкы адис – (С-Б) - 1 орун.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

• бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз;

• кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен (жеке электрондук почталарды милдеттүү түрдө көрсөтүү керек);

• өмүрбаян (соттуулугу жоктугу же бар экендиги, изденүүчүгө карата кылмыш-жаза ишин козголгондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

• соттуулугу бары же жогу тууралуу маалымкат (КР ИИМ МТББ;

• резюме.

жана:

• – билими жөнүндө дипломдун;

• – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө ;

• – илимий даража, илимий наам ыйгаруу жөнүндө;

• – эмгек китепчесинин;

• – паспортунун (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) көчүрмөлөрү талап кылынат.

Эмгек китепчесинин, дипломдорунун жана сертификаттарынын көчүрмөлөрү нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кадрлар бөлүмүндө күбөлөндүрүлүүгө тийиш!

Изденүүчүлөргө коюлган негизги талаптар.

1.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү:

• Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

• "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

• "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

• "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

• "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

• 19-август 2016-жылы Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын кодексин (№ 43).

2.) Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү керек.

3.) Компьютердик оргтехника жана зарыл программалык продуктылар менен иш жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болуу:

– презентацияларды уюштуруу;

– эсептөөлөргө байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө;

– таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндөгү маалыматтарды берүү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системасын пайдалануу.

Ылдам тиккичке салынган документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде 2020-жылдын 29-сентябрынан тартып 12-октябрына чейин, Бишкек ш., ч. Айтматов пр., 1 дарегиндеги 2-кабатындагы 9-бөлмөдө жайгашкан, Пробация департаментинин административдик башкаруусунун кадрлар сектору кабыл алат. Тел. 0559177885

Конкурска катышууга жол берилген адамдарга конкурс өткөрүлө турган жер жана убакыт тууралуу кошумча маалымат берилет.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Талаптар тууралуу көбүрөөк маалыматты бул жерден табууга болот.

Арыз үлгүсүн көчүрүңүз.

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER