Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация органдарынын психологдору жана социалдык кызматкерлери мыйзамды бузган балдар менен иштөө боюнча окуудан өтүштү

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органдарынын психологдору жана социалдык кызматкерлери мыйзамды бузган балдар менен иштөө боюнча окуудан өтүштү

Пробация органдарынын психологдору жана социалдык кызматкерлери мыйзамды бузган балдар менен иштөө боюнча окуудан өтүштү

2020-09-16 16:16:25


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (мындан ары – Департамент) өз кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат.

Пробация органдарынын кызматкерлеринин балдар менен иштөө боюнча потенциалын жогорулатуу максатында Департамент "Инсан мууну" коомдук фонду менен биргеликте "Ювеналдык пробацияда психологиялык жана социалдык коштоонун негиздери" темасында бир катар онлайн жана офлайн тренингдерди өткөрүүдө. Бул тренинг мыйзам бузган балдар менен иштеген пробация органдарынын адистери үчүн арналган.

Тренингдин бир бөлүгү онлайн режимде, Zoom платформасы аркылуу 2020-жылдын 8-9-сентябрында өткөрүлгөн. Оффлайн-окутуу пробация департаментинин окуу-методикалык кабинетинде жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун пробация органдарынын адистери 10-11-сентябрда, ал эми аймактардагы пробация органдарынын кызматкерлери 14-15-сентябрда окууга катышышты. Өтүлгөн материалды бекемдөө максатында 25-сентябрга чейин бир катар кошумча онлайн тренингдерди өткөрүү күтүлүүдө.

Клиникалык психолог – Перизат Асылбаева жана врач-психиатр – Аида Парпиева Департаменттин адистери менен балдардын психологиясы жөнүндө өз билимдери менен бөлүшүп, социалдык жана психологиялык иштин калыбына келүү методдору, укук бузган балдарды психосоциалдык коштоо технологиялары жөнүндө айтып беришти.

Пробация органдарынын социалдык кызматкерлери жана психологдору жашы жете элек укук бузуучунун сүрөттөмөсүн жана ага курчап турган чөйрөнүн, үй-бүлөнүн жана коомдун таасирин изилдешти. Өспүрүмдөр кылмыш жасоого эмне себеп менен шыктанарлыгын карап чыгып, алдын алуу ыкмалары жөнүндө жаңы маалымат билишти.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER