Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация департаментинин борбордук аппаратынын ачылыш аземи өттү

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин борбордук аппаратынын ачылыш аземи өттү

Пробация департаментинин борбордук аппаратынын ачылыш аземи өттү

2020-09-11 17:49:34

2020-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин борбордук аппараттынын ачылыш аземи Ч.Айтматов, 1 дарегинде жайгашкан Пробация департаментинин имаратында өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары – А. А. Салиев жана Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы – С. М. Исабаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо – укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы – А. К. Жанузаков, Соттук-укуктук реформа боюнча эксперттик - жумушчу топтун төрагасынын орун басары – М. Р. Маткеримова, Соттук-укуктук реформа боюнча эксперттик – жумушчу топтун мүчөлөрү – Сыдыкова Л.Ч. жана Сапарбаев Б. К. жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Сиздерге белгилүү болгондой, 2019-жылдын 1-январы "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген жана пробация институтунун функцияларын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКга жүктөлгөн.

2019-жылдын 1-сентябрында пробация институту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин жаңы органын түзүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.

Пробация органдарынын негизги милдети эркиндигинен ажыраган соттолгондорго карата жазаларга контролдук кылуу гана эмес, ошондой эле алар биздин коомго кайра киргенде, кайтадан кылмыш жасоо жөнүндө ойлонбостон, оңдолгон жарандарды кайра кайтарууга жардам көрсөтүү болуп саналат.

Пробация департаментинин борбордук аппаратынын административдик имаратын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл кеңсе эмеректери жана оргтехникасы менен жабдуу менен Юстиция Министрлиги тарабынан реконструкциялоо аяктады. Каржылоо толугу менен мамлекеттик бюджеттен 9300,0 миң сом суммасына жүргүзүлгөн.

Жакын арада БУУ БКБнын колдоосу менен 2 500,0 миң сом суммасына оңдоо иштери жүргүзүлүп оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыз кылынган Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ААБнын үч райондук пробация органынын кеңселеринин (Ош шаары, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаары) ачылышына катышып турабыз.

Мындан тышкары, Аламүдүн районунун пробация органында 338,3 миң сомго жана Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустары боюнча ААБында жана Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондору боюнча пробация органдарында, 2 534,3 миң сомго оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыз кылынып, оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Ушул эле мезгилде БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен эки пробация органында да оңдоо иштери жүргүзүлгөн:

  • Токмок ш. 535,1 миң сом суммасына оңдоо иштери жүргүзүлгөн;
  • Ош облусунун Алай районунунун пробация органын оргтехника жана офистик эмеректер менен камсыз кылып, 114,5 миң сом суммасына оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Юстиция министрлиги 2020-жылы Кыргызстандын айрым райондорунда Юстиция үйлөрүн куруу долбоорун ишке киргизип жатат.

2020-жылдын 7-февралында болуп өткөн 2019-жылга карата Юстиция министрлигинин ишинин жыйынтыгы боюнча Коллегиянын отурумунда министрликтин ишине санариптик технологияларды ишке киргизүүнү улантуу, ведомстволук нотариалдык архивди түзүү жана апостилдештирүү иш-милдеттерин борбордук аппараттан юстициянын облустук башкармалыктарына өткөрүп берүүдөн тышкары, ошондой эле артыкчылыктуу пландардын бири болуп, Юстиция үйүнүн курулушу каралганы тууралуу эске салып кетким келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24.01.2020-жылдын № 15-б буйругуна жараша Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында Пробация департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик нотариустарды жана адвокаттарды, жайгаштыруу үчүн имараттардын алты обьектисин курууга 10,0 млн. сом бөлүнгөн.

  • Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары; 
  • Жалал – Абад облусунун Ала-Бука айылы;
  • Ош облусунун Кара-Суу шаары;
  • Талас облусунун Покровка айылы (Манас району);
  • Ысык – Көл облусунун Жети-Өгүз айылы (Жети-Өгүз району);
  • Нарын облусунун Чаек айылы (Жумгал району).

Жергиликтүү администрациялар тарабынан тиешелүү жер тилкелерин бөлүп берүү маселелери чечилди.

Юстиция министрлиги жана Пробация департаменти тарабынан оңдоо иштеринен тышкары пробация департаментинин штатын комплекттоо боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кызматкерлердин саны 131 адам, 178 штаттык бирдиктен турат.

Республикада киргизилген карантиндик чаралардан улам бош орундарды ээлөөгө конкурстарды өткөрүү токтотулган.

Азыркы учурда Департамент бар болгон бош орундарды толтуруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Кадрлар иши менен катар, Департамент өз ишмердигин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Бардык аймактык органдарда "Пробация" АМТны ишке ашыруу боюнча бирдиктүү жергиликтүү тармакка кошуу аяктады, "каттоо" жана "сотко чейинки" модулдардын алкагында кардарлардын маалыматтарын киргизүү боюнча иш-чаралар башталды.

Бирок "Пробация" АМТ долбоорунун ийгиликтүү иштеши көпчүлүк учурда КЖБР мамлекеттик органдарынын башка маалыматтык системаларын интеграциялоого жараша болот.

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER