Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация департаменти өлкө аймагы боюнча 34 кызматкерди ишке алат

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти өлкө аймагы боюнча 34 кызматкерди ишке алат

Пробация департаменти өлкө аймагы боюнча 34 кызматкерди ишке алат

2020-07-13 16:55:55

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт. 

Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 14-июлунда, саат 9.00 башталып, 27 июлга чейин уланат.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз;
  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • өмүр баян (соттолгондугу жоктугу же бардыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • резюме;

жана:

  • билими жөнүндө дипломдун;
  • квалификацияны жогорулатуу жөнүндө ; 
  • илимий даража, илимий наам ыйгаруу жөнүндө;
  • эмгек китепчесинин;
  • паспортунун (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) көчүрмөлөрү талап кылынат.

Эмгек китепчесинин, дипломдорунун жана сертификаттарынын көчүрмөлөрү нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кадрлар бөлүмүндө күбөлөндүрүлүүгө тийиш!

Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча катары тапшырса болот.

Документтерди скоросшивателге салып Бишкек ш., Ч. Айтматов к., 1 дарегинин 2-кабатында №9-кабинетинде жайгашкан Пробация департаментинин кадрлар секторуна өзүңүз жеке жеткизип же почта аркылуу (кадрлар секторуна деген белги коюп) жөнөтсөңүз болот.

Баардык суроолор боюнча Пробация департаментинин кадрлар секторуна чалыңыздар: +996 312 315 944 (кошумча номур 122 жана 123).

Ошондой эле +996 559 177 885 - Пробация департаментинин кадрлар секторунун башкы адиси Алмаз Усмановго чалып, же ausmanov@probation.gov.kg электрондук почтасына кайрылсаңыз болот.

Бош орундар:

– Борбордук аппаратта - 4 бош орун;

– Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгында – 14 бош кызмат;

– Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгында – 11 бош кызмат;

– Ысыккөл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалык – 5 бош орун.

Талапкерлерге карата негизги талаптар:

1.) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– 19-август 2016-жылы Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын кодексин (№ 43).

2.) Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү керек.

3.) Офистик оргтехниканы жана зарыл программалык продукттарды кене ала билүү.

Конкурсту өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө маалымат Пробация департаментинин probation.minjust.gov.kg сайтында жана коомдук тармактардагы баракчаларында кошумча билдирилет.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандар конкурска катышууга жол берилбейт.

Талаптар жөнүндө толугураак бул шилтеме аркылуу өтүп биле аласыздар.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER