Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация департаментинде окуу-методикалык бөлүм түзүлдү

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде окуу-методикалык бөлүм түзүлдү

Пробация департаментинде окуу-методикалык бөлүм түзүлдү

2020-06-11 16:18:51

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде окуу-методикалык бөлүм түзүлгөн. 

Бүгүнкү күндө аталган бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын түзүү аяктоодо.

Жаңы окуу-методикалык бөлүмдө пробация органдарынын адистери өздөрүнүн кесиптик билимин жогорулатууга жана пробация чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйба менен алмашууга, пробациянын кардарлары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө мүмкүндүк ала тургандыгы каралган. Ошондой эле пробация департаменти менен өз ара иш алып барган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу каралган.

Сиз билгендей, Кыргыз Республикасынын Президенти 2020 - жылды – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаган. Ушуга байланыштуу, бул бөлүмдө мыйзамды бузган балдар үчүн семинарлар жана тренингдер өткөрүлө тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Балдарды лидерлик көндүмдөрүнө, чыр-чатактарды чечүүгө, ар кандай жааттагы билим деңгээлин жогорулатууга жана социалдык-маанилүү оорулардын алдын алууга үйрөтүү пландаштырылууда.

Пробация департаментинин окуу-методикалык бөлүмүнүн эмерек менен жабдуулоо жана техникалык жабдуулоо ишине колдоону "Ювеналдык пробацияны өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Балдар Фондунун колдоосу менен "Инсан мууну" Коомдук фонду көрсөткөн.

Мындан тышкары, коомдук фонд Департаменттин конференц-залын керектүү офистик жабдуулар менен камсыз кылууга колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, Пробация департаменти 2020-жылдын 25-февралынан тарта кызматташтык тууралуу меморандумдун алкагында "Инсан мууну" коомдук фонду менен кызматташууда. Жашы жете элек пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруунун кесиптик стандарттарынын киргизүү боюнча, коомдук-маданий иш-чараларды уюштуруу, мыйзам менен келишпестиги бар балдар менен иштөө боюнча психологдор жана социалдык кызматкерлер үчүн окуу куралдарын жана колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүдө.

Ошол эле учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, кызматкерлерди Департаменттин окуу-методикалык бөлүмүнө жумушка алуу Мамлекеттик кадр кызматынын ишин калыбына келтиргенден кийин пландаштырылууда.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER