Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробация органдары пробациянын кардарларына азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүштү

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органдары пробациянын кардарларына азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүштү

Пробация органдары пробациянын кардарларына азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүштү

2020-04-09 10:37:42

Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери дүйнөдөгү Covid-19 пандемияны жеңүү үчүн Кыргызстанда киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда кирешеси жок калган пробациянын кардарлары үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө. 

Акциянын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун, Кант, Токмок жана Талас шаарынын пробация ооргандары өз кардарларына азык-түлүк жардамын көрсөтүштү.

2020-жылдын 1-апрелинде Токмок шаарынын жана Чүй районунун пробация органынын кызматкерлери Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте пробациянын беш кардарынын үй-бүлөсүнө өнүмдөрдү жеткиришкен. Үй-бүлөсүнүн курамына жараша, картошка 1 мешоктон 20 кг чейин; бир литрден: суюк май, томат пастасы, коюлтулган сүт; эки килограмм кесме, бир килограмм печенье, чай жана кант берилген.


2020-жылдын 5-апрелинде Талас шаарынын жана Талас районунун пробация органдарынын кызматкерлери Талас шаарынын мэриясы менен биргеликте пробациянын жети кардарынын үй-бүлөөсүнө 1 мешок (50 кг) ундан жеткиришкен.


2020-жылдын 7-апрелинде Ысык-Ата районунун пробация органынын кызматкерлери "Право Быть" коомдук фонду менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда калган пробациянын алты кардарына жана жалгыз бой энелерге азык-түлүк жардамын тийгизген. Акция алкагында бир кардарга 5 кг макарон, 4 кг күрүч жана гречка, өсүмдүк майы 3 литр, туздун 1 пакети, 3 кг кант, 10 кг ун, ачыткы, томат пастасы, чай, 2 кг печенье жана карамель жана даарат кагазынан, чарба самынынан, кир жуугуч порошокон жана шампуньдан турган топтом бөлүнүп берилген.


2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин районунун пробация органынын кызматкерлери пробациянын он бир кардарынан үй-бүлөсүнө азык-түлүктөрдү жеткиришкен. Бир кардарга картошка жана пияз 3 килограмм, күн карама майын эки литр, 1 килограмм кесме жана күрүч, туз, каймак майы, томат пастасы, 10 даана жумуртка, чай жана кант берилген.


Ошондой эле Бишкек шаарынын пробация органдарынын психологдору борбор шаарыбыздын аймагында карантинде же обсервацияда жаткан мекендештерге психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр. Тиешелүү кат Кыргызстандагы коронавирустун абалын көзөмөлдөө боюнча оперативдүү штабына жөнөтүлгөн.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER