Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Юстиция министрлигинин коллегиясы тарабынан 2020-жылга карата артыкчылыктуу пландар белгиленген

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Юстиция министрлигинин коллегиясы тарабынан 2020-жылга карата артыкчылыктуу пландар белгиленген

Юстиция министрлигинин коллегиясы тарабынан 2020-жылга карата артыкчылыктуу пландар белгиленген

2020-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкуловдун төрагалыгы астында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. 

Катышуучулардын алдында сөз сүйлөп жатып Марат Джаманкулов өткөн жылда министрлик тарабынан жетишилген негизги натыйжаларды белгиледи. Ошондой эле, “2019-жылдын Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында министрлик тарабынан "Онлайн" юридикалык жактарды каттоо", "Электрондук нотариат", "Электрондук портал коомдук талкуулоо ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун" маалыматтык системалар иштелип чыкты жана ишке киргизилди. «Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде кыймылдуу мүлккө талап укугун каттоо»Автоматташтырылган маалыматтык системасы "Түндүк"электрондук ведомстволор аралык ѳз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) кошулду.

Минстрликтин башчысы, сот укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө иш аракеттер жакшыртылгандыгын жана активдештирилгендигин, ошондой эле Пробация департаменти түзүлгөндүгүн, ал 2019-жылдын 1-сентябрынан баштап ишин баштагандыгын белгилеп өттү.

Ошону менен бирге, Марат Джаманкулов Юстиция министрлиги тарабынан өлкөнүн айрым региондоруна юстициянын аймактык түзүлүштөрү үчүн мамлекеттик нотариустарды, пробация кызматынын кызматкерлерин жана калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттар реестринде турган адвокаттарды жайгаштыра турган юстиция үйлөрүн куруу демилгеленип жаткандыгын маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул демилге колдоого алынган жана алгач бул максатка 10 млн. сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Коллегиянын жүрүшүндө, ошондой эле статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын, өздөрү тейлеген багыттар боюнча отчеттору угулду: аткаруучулук жана эмгек тартиби, юридикалык жактарды жана күрөөнү каттоо, укуктук маалымат жана ЧУА долбоорлорун экспертизадан өткөрүү, адвокатура, нотариат жана апостилдөө, укуктук пропаганда, ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана ж.б.

Өзгөчө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Тутумдуу коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планында көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматтарга көңүл бурулду. Коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында аймактык юстиция башкармалыктарынын жетекчилерине нотариалдык аракеттердин сырын эске алуу менен мамлекеттик нотариустардын кабинеттеринде видео байкоо камераларын орнотуу тапшырылды.

Коллегиянын жүрүшүндө 2020-жылга карата төмөнкүдөй артыкчылыктуу пландар белгиленген:

- министрликтин ишинде санариптик технологияларды андан ары киргизүү;

- Юстиция үйлөрүн куруу;

- ведомстволук нотариалдык архивди түзүү;

- апостилдештирүү функцияларын борбордук аппараттан облусттук юстиция башкармалыктарына берүү ж.б.

Отурумдун жыйынтыктары боюнча коллегия Юстиция министрине түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн айрым жетекчилерине жүктөлгөн милдеттерин жана тапшырмаларын талаптыгыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жаза колдонуу тууралуу сунуш киргизилди.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER