Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Аламүдүн районунун пробация органынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийин ачылыш аземи болуп өттү

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Аламүдүн районунун пробация органынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийин ачылыш аземи болуп өттү

Аламүдүн районунун пробация органынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийин ачылыш аземи болуп өттү

2019-жылдын 27-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун пробация органынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Имарат Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бөлүнгөн. Капиталдык ремонт иштеринин жүргүзүлүшү жана керектүү кеңсе жабдуулар менен камсыздалышы БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ КББ) жана БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен "Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде зомбулукка алып келген радикалдашууну алдын алуу" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Иш-чарага КРнын Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов, КРнын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Саякбаев, БУУ КББнын Кыргызстандагы программалык Кеӊсесинин Улуттук программалык менеджери Улан Аралбаев, Пробация департаментинин директору Зарылбек уулу Алмазбек, Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана пенитенциардык тутумдун маселелери боюнча эксперттер катышты.

Жаңыланган кеңседе пробациянын ар бир кызматкери үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган, ошондой эле пробациянын кардарлары менен иштөө үчүн атайын бөлмө да бар.

Марат Канулькулов БУУ КББнын кеңсесине жана Кыргызстандагы ПРООНго көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, кардарлар менен иш жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сөзсүз бул органдын ишмердүүлүгүнө натыйжалуу таасирин тийгизет деп белгиледи. "Пробацияда ар бир кардар менен жекече ишенимдүү шартта иш жүргүзүү керек, ошондой учурда гана пробациянын кардарымыйзам бузууга барганынын себептерин аныктоо үчүнкеректүү маалыматты билдириши мүмкүн", – деп министрдин орун басары белгилеп өттү.

Өз кезегинде Улан Аралбаев БУУ КББ тарабынан Кыргызстандын пробация органдарынын бир нече кеңселерине оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү жана аларды зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда деп белгиледи.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү пробация институтун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары бул багытта кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Маалымат үчүн:

2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык коомдон бөлбөстөн жазаларды аткаруу, жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын, пробациялык көзөмөлдү жана түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарды контролдоону жүзөгө ашыруу функциялары жаңы түзүлгөн КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан аткарылып баштады.

Бул функциялар 2019-жылдын 1-январынан тартып КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазык-аткаруу инспекцияларына жүктөлгөн эле.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER