Панфилов району боюнча пробация органы тарабынан реабилитациялык Программанын алкагында пробация кардарлары үчүн атайын сабактар өткөрүлдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Панфилов району боюнча пробация органы тарабынан реабилитациялык Программанын алкагында пробация кардарлары үчүн атайын сабактар өткөрүлдү.
Панфилов райондук пробация органында реабилитациялык Программанын алкагында эмоцияларды башкаруу жана үй-бүлөлүк жаңжалдардын алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлдү
Панфилов району боюнча пробация органы тарабынан реабилитациялык Программанын алкагында пробация кардарлары үчүн атайын сабактар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – эмоцияларды башкаруу, үй-бүлөлүк жаңжалдардын алдын алуу жана конструктивдүү баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Сабактар лекция түрүндө эмес, катышуучулардын активдүү катышуусу менен уюштурулуп, күнүмдүк жашоодон алынган жагдайлар талданды. Кардарлар өзүн-өзү көзөмөлдөөгө багытталган практикалык көнүгүүлөрдү аткарып, жаңжалдан коопсуз чыгуу ыкмаларын үйрөнүштү.
Программанын баштапкы этабында айрым кардарлардын кызыгуусу төмөн болгону байкалганына карабастан, кийинки сабактарда алар активдүү катышып, иш-аракеттерге кызыгуу менен аралаша башташты. Натыйжада Программа ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Ошондой эле Программанын соңунда пробация кардарларына мыйзамды сыйлоого багытталган жүрүм-турумду калыптандыруу жана кайталап укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө катышуучуларга мыйзамдардын негизги нормалары, пробациялык каттоодо турган адамдардын милдеттери жана пробациялык көзөмөл шарттарын бузган учурдагы кесепеттери кеңири түшүндүрүлдү.
Сабактардын жүрүшүндө адистер ар бир кардардын жеке муктаждыктарын аныктап, аларга ылайык юридикалык жана психологиялык консультацияларды көрсөтүштү.
Бул иш-чара Пробация департаментинин пробация кардарларын кайра социалдаштырууга жана укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат.




