Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо боюнча Региондук диалог
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо боюнча Региондук диалог
Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо боюнча Региондук диалог болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү, ошондой эле Германиядан келген эксперттер катышты.
Иш-чара тажрыйба алмашуу, таасирдүү чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында ведомстволор аралык жана аймактык кызматташтыкты күчөтүү максатында уюштурулган. Саламдашуу сөзү менен төмөнкүлөр чыгып сүйлөштү:
• Данияр Калматов — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору
• Кристофер Блэр — ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Адамдык өлчөө департаментинин башчысы (видео кайрылуу)
• Филипп Ян — Фридрих Эберт атындагы Фонддун Кыргыз Республикасындагы аймактык директору
Диалогдун алкагында төмөнкү темалар чагылдырылды:
• Германиянын мисалында агрессорлор менен иштөө боюнча эл аралык тажрыйба (Ландау шаарындагы Интервенциялык борбор)
• КР жана КРнын укук коргоо органдарынын чара көрүү боюнча мыйзамдык жана практикалык чаралары
• Социалдык кызматтардын жана кризистик борборлордун аялуу катмарларды колдоодогу ролу
• Мыйзамдардагы жаңылыктар жана агрессорлор менен иштөө боюнча коррекциялык программаларды ишке ашыруу
• Зордук-зомбулук көрсөткөн адамдар менен иштөөнүн алкагында психологиялык жана психиатриялык жардам
Тобокелдиктерди башкаруу, аялуу үй-бүлөлөр менен иштөө, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле зомбулуктан жапа чеккендерди укуктук жана социалдык коргоону күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Күндүн экинчи жарымында иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине таанышуу максатында барышты.