Пробация департаменти 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыктоочу отурум болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыктоочу отурум болуп өттү
Пробация департаменти 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыктоочу отурум болуп өттү. Иш-чарага Департамент жетекчилиги, ошондой эле түзүмдүк жана аймак аралык башкармалыктардын жетекчилери онлайн катышты.
Ички жыйында кардарларды кайра социалдаштыруу, кайталап укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөө жана реабилитациялык программаларды киргизүү жаатында жетишилген негизги натыйжалар айтылды.
Отчеттук мезгилде жалпы 10 272 кардар пробациянын каттоосунда турган, анын ичинде:
сотко чейинки пробация – 533,
аткаруу пробация – 8 800,
пенитенциардык пробация – 589,
пенитенциардан кийинки пробация – 350.
ювеналдык пробация – 122 бала (115 эркек, 7 кыз).
Отчеттук мезгилде Пробация департаменти кыйын турмуштук кырдаалда турган пробациялык кардарларды социалдык коштоо боюнча иш-чаралардын комплексин уланткан. Бул иш жеке муктаждыктарды эске алуу менен иштелип чыккан индивидуалдык социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программаларынын негизинде жүргүзүлгөн.
Жалпы 1873 кардарга социалдык-укуктук жардам көрсөтүлгөн, анын ичинде:
документтери калыбына келтирилген – 143;
жумушка орноштурулган – 161;
билим алган – 85;
медициналык жардам алган – 937;
юридикалык жардам алган – 1512;
материалдык жана гуманитардык жардам алган – 848.
Талкуулардын жыйынтыгында Пробация департаментинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган чечимдер кабыл алынды.