Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отуруму болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы Пробация департаментинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отуруму болуп өттү. Иш-чарага Юстиция министрлигинин пробациялык жана соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын начальниги Руслан Романов, Департаменттин жетекчилиги, ошондой эле түзүмдүк жана аймак аралык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Отурумда жылдын алгачкы алты айында өткөрүлгөн иштер тууралуу отчеттор, жетишкендиктер, көйгөйлүү маселелер угулуп жана кийинки жарым жылдыкта аткарылуучу иштер боюнча пландар талкууланды.
Талкуулардын жыйынтыгында Пробация департаментинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жумуш үстүндө келип чыккан кемчиликтерди жоюуга багытталган чечимдер кабыл алынды.