Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде Фундаменталдык изилдөөлөр жана адам укуктары боюнча Людвиг Больцман институтунун директору Патриция Мусси-Мейлер айым жана Институттун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун максаты — кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде пробация органдарында санариптик инструменттерди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Пробация департаментинин негизги ишмердүүлүк багыттары тууралуу маалымат берилди.