Пробация департаментинде каржылык алдамчылык жана киберкоркунучтардын алдын алуу маселелери боюнча жыйын өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде каржылык алдамчылык жана киберкоркунучтардын алдын алуу маселелери боюнча жыйын өттү
2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде өлкө аймагында эл аралык каржылык алдамчылык схемаларынын көбөйүшүнө байланыштуу алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйын пробация кызматкерлеринин киберкылмыштуулукка байланыштуу заманбап коркунучтар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кесиптик жана жеке ишмердүүлүктө мындай коркунучтардын алдын алуу чараларын иштеп чыгуу максатында уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы айларда катталган негизги алдамчылык түрлөрү талкууланды, алардын катарында WhatsApp жана Telegram мессенджерлери аркылуу Пробация департаментинин жетекчилигинин атынан түрдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү схемалары, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу кызматкерлердин жеке маалыматтарына жетүүгө аракет кылуу учурлары талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында Департаменттин жетекчилиги тарабынан төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
- Ар бир кызматкердин катышуусу менен бардык аймактык бөлүмдөрдө жыйындарды өткөрүү;
- Бардык кызматкерлерге алдамчылыктын түрлөрү, аларды ишке ашыруу ыкмалары, актуалдуу киберкоркунучтар, ошондой эле алдын алуу чаралары жана жеке маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча маалымат берүү;
- Купуя маалыматтар жана санариптик системалар менен иштөөдө киберкоопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча ички көзөмөлдү күчөтүү.
Департамент санариптештирүү жана киберкылмыштуулуктун өсүшү менен ар бир кызматкер киберкоопсуздук боюнча негизги билимге ээ болушу керек, ошондой эле шектүү билдирүүлөрдү жана сунуштарды, өзгөчө каржы жана жеке маалыматка байланыштуу сунуштарды алган учурда абдан этият болуу экендигин белгилейт.