Пробация кызматкерлери үчүн тренинг: үй-бүлөлүк зомбулук кылгандар менен иштөө
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация кызматкерлери үчүн тренинг: үй-бүлөлүк зомбулук кылгандар менен иштөө
Бишкек шаарында Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча пробация органдарынын кызматкерлери үчүн тренинг аяктады.
Иш-чара Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан биргелешип каржыланган «Бардыгына сот адилеттүүлүк» долбоорунун колдоосу менен өттү.
Тренингдин максаты — үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон адамдар менен иштөөдө кызматкерлерге натыйжалуу ыкмаларды жана стратегияларды сунуштоо.
Иш-чаранын алкагында зомбулук көрсөтүүгө түрткү берген жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган оңдоп-түзөө программага өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар теориялык негиздерди гана үйрөнбөстөн, бул категориядагы адамдар менен иштөөдө практикалык көндүмдөрдү да өздөштүрүштү.
Программа адистерге зордук-зомбулуктун алдын алууга, коопсуз жүрүм-турумдун калыптанышына жана укук бузуучулардын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшүүчү куралдарды берет.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамдарды сот зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган оңдоп-түзөө программадан өтүүгө милдеттендире алат.