Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Пробация департаментине иш сапары менен келишти
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Пробация департаментине иш сапары менен келишти
Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Пробация департаментине иш сапары менен келишти
2024-жылдын 17-декабрында Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине келишти.
Сапардын жүрүшүндө Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Пробация департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Делегация үчүн Пробация департаментинин мониторинг борборуна экскурсия уюштурулуп, анда электрондук билериктерди жана мобилдик көзөмөлдү колдонуу менен кардарларды электрондук көзөмөлдөө системасы көрсөтүлдү . Коноктор пробация шарттарынын сакталышы боюнча көзөмөл кандайча жүргүзүлүп жатканын көрүп, заманбап технологиялардын кардарлар менен иштөөдөгү натыйжалуулугун баалап, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорду беришти.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын жана Япониянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумду ишке ашыруунун алкагында өттү.