Пробация департаментинде жана аймак аралык башкармалыктарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата, бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде жана аймак аралык башкармалыктарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата, бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде жана аймак аралык башкармалыктарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата, бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
- Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө кызматы менен биргеликте онлайн жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу жана мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
- Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин өкүлү менен биргеликте жыйын уюштурду. Ал эми Нарын облусунда пробация кызматкерлерине жана кардарлар менен иштөөдө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
- Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп, кызматкерлерден мыйзамга ылайык чектөөлөрдү кабыл алуу тууралуу милдеттенмелер алынды. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуусу менен биргеликте сабактар өтүлүп, кээ бир кызматкерлер “Мен коррупцияга эмне үчүн каршымын” деген темада дил баян жазышты.
- Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы менен кызматташтыкта коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чаралар кызматкерлердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалымдуулугун жогорулатып, адилет жана ачык иштөөгө чакыруу менен жыйынтыкталды.