Пробация кызматкерлери Казакстан Республикасынын Костанай шаарында өткөн тренинге катышты.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация кызматкерлери Казакстан Республикасынын Костанай шаарында өткөн тренинге катышты.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкерлери Казакстан Республикасынын ИИМинин Костанай академиясында окуудан өтүштү.
Пробация департаментинин психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Костанай ички иштер академиясында уюштурулган беш күндүк тренингге катышышты. Иш-чаранын алкагында жазасын өтөп жаткан жарандар менен иштөөдө укуктук аспектилер, девианттуу жүрүм-турумду терең түшүнүү жана ошондой эле диалектикалык жана когнитивдик-жүрүм-турумдук терапия сыяктуу заманбап психотерапиялык ыкмалар каралды.
Психологиялык абалды баалоо жана бул билимдерди пробациянын кардарлары менен иштөөдө практикалык колдонуу көндүмдөрүн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Алынган билимдер кызматкерлерге келечекте кесиптик ишмердүүлүктөрүн жакшыртууга жана кардарларды реабилитациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
Иш-чара Европа Биримдиги жана БУУ БКБ тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын жакшыртуу жана санариптештирүү" (бардыгына сот адилеттүүлүк) долбоорунун алкагында өттү. Ошондой эле, БУУ БКБнын чет өлкөлөрдө куралдуу жаңжалдарга жана согуштук аракеттерге катышкан соттолгондор менен иштөө программасынын алкагында, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы күрөш бюросунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.