Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери өз ишинде планшеттерди активдүү колдонушууда.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери өз ишинде планшеттерди активдүү колдонушууда.
Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери өз ишинде планшеттерди активдүү колдонушууда. Бул жаңыча ыкма документтерди тариздөөнү жана пробациянын кардарларынын жашоо шарттарын текшерүү процесстерин кыйла жөнөкөйлөтүп, ылдамдатты.
Буга чейин турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү үчүн кагаз түрүндөгү формалары гана колдонулуп, бул кошумча убакыт жана ресурсту талап кылчу. Санариптик технологияларды киргизүү менен бардык иштер электрондук форматка өткөрүлдү.
Кызматкерлер эми планшеттерди колдонуу менен түздөн-түз жеринде жашоо шарттарын текшерүү актыларын толтура алышат. Бардык маалыматтар реалдуу убакыт режиминде “Пробация” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна автоматтык түрдө жүктөлөт, бул маалыматты иштетүүгө кетүүчү убакытты кыйла кыскартып, ката кетирүү коркунучун азайтат.