Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери үчүн Аламүдүн району пробация бөлүмүндө тааныштыруучу экскурсия өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери үчүн Аламүдүн району пробация бөлүмүндө тааныштыруучу экскурсия өткөрүлдү
16-октябрь күнү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери үчүн Аламүдүн району боюнча пробация бөлүмүндө таанышуу экскурсиясы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер пробация органдарынын иши менен таанышып, бул чөйрөдө колдонулган заманбап технологиялар, анын ичинде «Электрондук көзөмөл», АМТ «Пробация 2.0» жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле пробация кардарларын реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу программалары кандай жүргүзүлүп жатканын иш жүзүндө көрө алышты.
Экскурсиядан кийин катышуучулар кызыккан суроолорун берип, кеңири жоопторду ала алышты.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы каржылаган «Кыргыз Республикасынын адилеттүүлүк секторун колдоо: пробация жана адилеттүүлүк системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» долбоорунун алкагында Пробация департаменти менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашуу пробация органдарында иштөө үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.