Студенттер үчүн «Ювеналдык пробация жана электрондук көзөмөл» темасында тааныштыруу лекциясын өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Студенттер үчүн «Ювеналдык пробация жана электрондук көзөмөл» темасында тааныштыруу лекциясын өткөрүлдү
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын кызматкерлери К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде студенттер үчүн «Ювеналдык пробация жана электрондук көзөмөл» темасында тааныштыруу лекциясын өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер ювеналдык пробациянын мааниси жана жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чаралар тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле электрондук көзөмөл (мобилдик тиркеме жана электрондук билерик) тууралуу маалымат берилди.
Бул демилгелер мыйзамга карата жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган.