Ысык-Көлдө "Пробация департаментинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына карата Юстиция министринин кубогу" аттуу футболдук турнир өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ысык-Көлдө "Пробация департаментинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына карата Юстиция министринин кубогу" аттуу футболдук турнир өттү
2024-жылдын 13-15-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чара Пробация башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналды.
Турнирге Юстиция министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Юстиция министрлигинин бардык ведомстволук жана аймактык органдарынын: Пробация департаментинин, Жазаларды аткаруу кызматынын, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын, Соттук-эксперттик кызматтын, Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун, Соттук өкүлчүлүк борборунун, Юридикалык жардам кызматынын жана облустук юстиция башкармалыктарынын кызматкерлери катышышты. Ошондой эле пробациянын кардарлары талаага чыгышты.
Турнирдин негизги максаты-юстиция тутумунун кызматкерлеринин арасында корпоративдик духту чыңдоо жана пробациянын кардарларын социалдык реабилитациялоого жана коомго интеграциялоого көмөктөшүү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов турнирди ачып жатып, мындай деп белгиледи:
“Бул күн — жалпы юстиция системасы үчүн маанилүү дата, жана биз аны ушундай активдүү жана достук маанайда белгилеп жатканыбызга кубанычтамын. Биздин турнир жөн гана спорттук мелдеш эмес, бул — биримдиктин, кызматташтыктын жана жеңишке болгон умтулуубуздун символу”.
Турнир достуктун жана чынчыл атаандаштыктын духунда өттү. Бардык катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыктарын жана спорттук чеберчиликтерин көрсөтүшүп, бардык катышуучулар үчүн позитивдүү атмосфера түзүштү.
Турнирдин жыйынтыгында:
1-орунду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы,
2-орунду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы,
3-орунду пробациянын кардарлары ээледи.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан каржыланган “Бардыгына сот адилеттүүлүк” долбоорунун колдоосу менен өттү.