Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактык пробация органдарынын жаңы кызматкерлери үчүн беш күндүк окуу өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактык пробация органдарынын жаңы кызматкерлери үчүн беш күндүк окуу өткөрүлдү
2024-жылдын 8-12-июль күндөрү Ош шаарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактык пробация органдарынын жаңы кызматкерлери үчүн беш күндүк окуу өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө кызматкерлер Пробация департаментинин ишинин негизги аспектилери менен таанышты. Аларга жумуш милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар берилди. Тренингдин программасы жазык-аткаруу тутумундагы пробациянын ролу жана мааниси, пробациянын түрлөрү, пробациянын кардарлары менен иштөө өзгөчөлүктөрү, кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруу сыяктуу темаларды камтыды .
Аталган тренинг Европа Биримдиги жана БУУ БКБ биргелешип каржылаган “Бардыгы үчүн сот адилеттиги” долбоорунун алкагында өттү.