Нарын облусунда электрондук көзөмөл киргизиле баштады.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Нарын облусунда электрондук көзөмөл киргизиле баштады.
Бүгүн Нарын шаарында “Электрондук көзөмөл” долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди. 19 пробация кардарга электрондук билерик тагылып, ал эми 4 кардарга мобилдик тиркеме орнотулду. Иш-чарага Юстиция министри Аяз Баетов, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Пробация департаментинин директору Кубан Казаков катышты.
Учурда зомбулукту колдонуу же коркутуу менен байланышкан кылмыштарды жасаган адамдарга, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка көзөмөл жүргүзүү эрежелери күчөтүлүүдө. Пробация кардарларынын бул категориясы үчүн электрондук билериктер же "мобилдик көзөмөл" мобилдик тиркемеси колдонулат. Зордук-зомбулук менен соттолгон пробация кардарлары күчөтүлгөн көзөмөлгө алынат. Пробация департаменти алардын кыймылын 24 саат, жумасына 7 күн көзөмөлдөп, коомдук коопсуздукту жогорулатат.
Маалымат катары: Нарын облусу боюнча бүгүнкү күндө пробация органдарында 171 кардар каттоодо турат. Анын ичинен 28 адам зордук-зомбулук кылмыштары үчүн соттолгон.