Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде "Альянс" фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде "Альянс" фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде "Альянс" фракциясынын көчмө жыйыны болуп өттү
Бүгүн, 2024-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Альянс” парламенттик фракциясынын депутаттары Пробация департаментине келишти.
Иш-чарага ошондой эле юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ошондой эле Башкы прокуратуранын жана Башкы прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Иш сапардын максаты – Департаменттин ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы пробация институтуна тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоо. Сапардын жүрүшүндө депутаттар пробация системасын жакшыртууга багытталган учурдагы иш-чаралар жана демилгелер менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу Департаменттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, негизги жетишкендиктерге жана Департаменттин алдында турган милдеттерге токтолду. Пробация департаментинин директору Кубан Казаков Пробация департаментинин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктер, ошондой эле "Пробация" АМТсын башка мамлекеттик органдардын АМТсы менен интеграциялоо маселелери тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, Департаменттин башкы адиси Элизат Исаева пробациянын кардарларын классификациялоо жана тобокелдиктерге баа берүү жөнүндө маалымат берип, бул баалоолорду жумушта колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.