Пробация департаментинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери үчүн таанышуу лекциясы өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери үчүн таанышуу лекциясы өткөрүлдү
2024-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология жана дин таануу багыты боюнча билим алып жаткан студенттери үчүн таанышуу лекциясы өткөрүлдү.
Иш-чара келечектеги адистерди пробация тармагында өз билимдерин колдонуу жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоого багытталган.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер теология тармагында иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана алган билимдерин турмушта кантип колдонуу керектиги тууралуу түшүнүк алышты.
Маалымат катары: Буга чейин Пробация департаменти менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.