Свердлов району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык-гуманитардык колдоого муктаж 13 пробация кардарына жардам көрсөтүштү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Свердлов району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык-гуманитардык колдоого муктаж 13 пробация кардарына жардам көрсөтүштү.
Пробация кардарларын ресоциалдаштыруу жана кайра коомго кошуу пробациянын ишинин маанилүү аспектилери болуп саналат. Биздин кызматкерлер күн сайын кардарларга турмуштук оор кырдаалдан чыгууга жана алардын кайталап кылмыш жасашына жол бербөөгө жардам беришет.
Свердлов району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери Кызыл Ай коомунун колдоосу менен менен социалдык-гуманитардык колдоого муктаж 13 пробация кардарына азык-түлүк ирээтинде жардам көрсөтүштү.
Гуманитардык колдоо пробациянын кардарларына социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасынын алкагында ишке ашырылды.
Азык-түлүк баштыгына ун жана ун азыктары, осүмдүк майы, күрүч, чай, кант жана курма кирди.