Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыктын кызматкерлерине электрондук көзөмөл боюнча презентация өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыктын кызматкерлерине электрондук көзөмөл боюнча презентация өткөрүлдү
Пробация департаментинин кызматкерлери, Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыктын кызматкерлерине электрондук көзөмөл боюнча презентация өткөрүп, электрондук көзөмөлдө колдонулуучу электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу боюнча окутушту.
Маалымат катары: Электрондук көзөмөлдү киргизүү Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн. Бул механизм жаңы, бирок буга чейин башка өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келген. Айтылган механизмдин негизги артыкчылыгы пробация кардарларынын кыймылын туруктуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Сот актысында белгиленген пробациялык милдеттер бузулган учурда пробация органдары мыйзам бузууларга ыкчам чара көрө алышат.