Сот жана укук коргоо органдарында санариптештирүүнүн деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ Пробация департаментине келишти.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Сот жана укук коргоо органдарында санариптештирүүнүн деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ Пробация департаментине келишти.
2024-жылдын 28-мартында Сот жана укук коргоо органдарында санариптештирүүнүн деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө жумушчу топтун өкүлдөрү 2022-жылы ишке киргизилген «Пробация» АМТ менен таанышты. Маалыматтык жана киберкоопсуздук аспектилерине, ошондой эле Департаментти санариптештирүүнүн алкагында «электрондук көзөмөл» программасын жана «Пробация» АМТ мобилдик тиркемесин колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, азыркы учурда бардык аймактык пробация органдары санариптик форматта пробациянын бардык түрлөрү боюнча маалыматтар менен алмашып жана иш алып барышат, мындан тышкары маалыматтарды алмашуу үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында санариптештирүү жана активдүү өз ара аракеттенүү боюнча иштер уюштурулган.