Пробация департаменти техникалык колдоо алды
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти техникалык колдоо алды
Бүгүн, 2024-жылдын 1-мартында, Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы биргелешип каржылаган Кыргыз Республикасында сот адилеттиги секторун колдоо «Бардыгына сот адилеттүүлүгү» (JUST4ALL) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти маалыматтык кампанияларды өткөрүү жана пробация маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында техникалык колдоо алды.
Маалымат ирээтинде: Бул долбоор Кыргызстанда пробациянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган.