Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын реестри 2024-жыл
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын реестри 2024-жыл
Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын реестрине киргизүү үчүн жарандардан жана уюмдардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кулактандыруу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
Ушуга байланыштуу, жарандар жана уюмдар ушул социалдык көйгөйлөрдү жана коомдук пайдалуу максаттарды реестрине киргизүү үчүн өз сунуштарын жиберүүгө укуктуу.
Көрсөтүлгөн реестрге киргизүү үчүн келип түшкөн сунуштар Департамент тарабынан каралууга тийиш жана алар жактырылган учурда аларды алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде реестрге киргизилет.
Сунуштар Пробация департаментинин Бишкек ш. Ч. Айтматов пр., 1 дареги боюнча же probation@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүлүшү мүмкүн.
ЖҮКТӨӨ: Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын реестри 2024-жыл